Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №59
Колот айылындагы китепканага Ж.Козубаевдин атын ыйгаруу жөнүндө
Акман айыл аймагынын Колот айылынын тургундарынын арызын, айылдык кеңештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Колот айылындагы китепканага айыл тургуну Жакыпбек Козубаевдин аты ыйгарылсын.
2. Талапка ылайык тиешелүү документтерди тактоо жана тиешелүү мекеме уюмдарга кабарлоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |