Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №60
Акман айыл аймагынын тургуну Ы.Ибраимовго ардактуу атуул берүү жөнүндө
Акман айыл аймагынын Жараке айылынын тургундарынын арызын, айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараке айылынын тургуну Ибраимов Ысмайылга билим берүү багытындагы жаштарды тарбиялоодо үзүрлүү эмгеги жана маданиятка кошкон салымы үчүн Акман айыл аймагынын "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.
2. "Ардактуу атуул" наамынын наам белгилерин жасатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |