Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели №63
Акман айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн бекитү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 08-апрелиндеги "АРИСтин АИД-3 долбоорун) н конкчрсуна катышуу үчүн Акман айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлорүн приоритеттештирүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндо №48L буйругуна негиз түзүлгөн комиссиянын чечимин, депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрү төмөндөгү тартипте аныкталсын:
· Бала бакчамуктаждыгы (бала бакча куруу)
· Спортту өнүктүрүүгө шар түзүү (борбордук стадионду тосуу жана спорт комплекс, кичи футбол аянтчасын куруу)
· Билим берүүнү жакшыртууга шарт түзүү (Палванов мектебине ашкана жана спорт зал куруу, Токтогул мектебин капиталды ремонттоо, Исаков мектебине кошумча имарат куруу)
· Жаны конуштарды электрлештирүү, жарыктандыруу
· Таза суу менен камсыз кылуу (таза суу түтүктөрүн ремонттоо)
2. Аныкталган артыкчылыктуу долбоорлор жанаконкурстук комиссияга жөнөтүлүүчү иш кагаздарын тактап, АРИСтин конкурстук комиссиясына жөнөтүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |