Загрузка документа…
Акман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-июлундагы № 120 токтомуна ылайык жокко чыгарыган
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы №107
25.02.2014-жылдагы ''Акман айыл аймагынын Жараке айылына бала бакча куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө" №8 Токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин агрардык саясат. кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникациялар жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараке айылындагы парк эсебинде турган 0.40 га жер аянты парк эсебинен чыгарылсын.
2. Жараке айылына бала бакча куруу үчүн парк эсебинен чыгарылган 0,40 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы парк эсебинен чыгарылган 0,40га жер аянтына документтерди мыйзамдаштырып берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бала бакча куруу үчүн тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |