Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 04-марты №50
Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылына бала бакча куруу үчүн жер ажыратып берүү женүндө
Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылына балдар бакча куруу үчүн айылдык кеңешинин төрагасы А.Маматкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАГ:
1. Акман айыл аймагынын Жаны-Акман айылынан бала бакча куруу үчүн Жаңы-Акман клубунун алдынан 0,40 га жер аянты ажыратып берилсин.
2. Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылындагы клубдун алдынан ажыратылган жалпы 0.40га жер аянтына документтерди мыйзамдаштырып берүү жаты райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча rypyi гуукомиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |