АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы №7
Акман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
VI чакырылыштагы Акман айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясынын Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Шерматов Убайдилланын Акман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алуу менен Акман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. VI чакырылыштагы Акман айылдык кенешинин кезексиз II сессиясынын Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Акман айыл округунун башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп - Атакулов Амирбек Токторбаевич эсептелсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |