Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-марты №18
Акман айыл округунун аймагында сел коопсуздугун алдын алуу боюнча
Акман айыл округунун аймагында сел коопсуздугун алдын алуу боюнча айыл округунун башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сел коопсуздугун алдын алуу боюнча иш чараларын айыл округунун "Жарандык коргонуу жана эвакуация" комиссиясы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте тыгыз иш алып баруусу жүктөлсүн.
2. Акман айыл округунун сел коркунучу бар аймактарында өзгөчө иш аракеттерди жүргүзүү айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |