Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02-майы №20
Акман жайыт комитетинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчету жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Акман жайыт комитетинин башчысы М.Сариевдин отчетун угуп, агардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча жана бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман жайыт комитетинин 2012-жылга отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Акман жайыт комитетинин 2012-жылга аткарылган бюджети бекитилсин.
3. Акман жайыт комитетинин 2013-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 795 743 сом суммасында бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин башчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча жана бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |