Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02-майы №21
Таш-Булак айылындагы З.Мураталиев атындагы негизги мектебине кошумча 0,51га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Акман айыл округунун Таш-Булак айылындагы З.Мураталиев атындагы негизги мектебинин директору С.Көчөрованын арызына негиз агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун Таш-Булак айылындагы З.Мураталиев атындагы негизги мектебине кошумча 0,51 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Акман айыл округунун Таш-Булак айылындагы З.Мураталиев атындагы негизги мектебинин жалпы 1,0га жер аянтына документтерди мыйзамдаштырып берүү жаты райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |