Редакцияот 02.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 02-майы №23

Айыл чарба багытындагы жана жол боюндагы жерлерге мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыюу жөнүндө

Акман айылдык кеңешинин депутаты Ш.Калыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республиксынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренсинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге сууну убагында жеткирүү үчүн арыктарды кеңейтүү максатында арык боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыйылып жок кылынсын.

2. Акман айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорду шаар куруу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында жол боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарктар кыйылып жок кылынсын.

3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов