Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02-майы №25
Акман айыл округунун айыл чарба багытындагы фермер жана дыйкан чарбалардын жерлерин инвентаризациялоо жөнүндө
Акман айыл округунун башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун айыл чарба багытында пайдаланып жаткан фермер жана дыйканчарбаларга бөлүштүрүлүп берилген жерлердин мыйзамдуулугун тактап чыгуу үчүнтөмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жолдошов Т -комиссиянын торагасы, айылдык кеңештин торагасынын орун басары
Алдозов М -комиссиянын торагасынын орун басары, айыл округунун жер адиси
Дарманкулов О -комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
Абжапаров III -комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
Сариев А -комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
Калыков Ш -комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
Молдоташов Н -комиссиянын мүчөсү, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси
2. Комиссиянын уюштуруу маселелерине түздөн-түз жардам берүүгө ар бир айылдын айыл башчыларын камсыз кылуу айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы түзүлгөн комиссияга 2013-жылдын 2-3-кварталында тактап чыгуу жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |