Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02-майы №27
Коомдук бала бакча ачуу жөнүндө
Кайырма айылынын тургундарынан түшкөн арызын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайырма айылынын тургуну Тажибаев Зулпукардын макулдугу менен бош турган М.Нарматов көчөсүндөгү №10 үйүн коомдук бала бакча ачуу үчүн баланска алуу боюнча айыл округу менен келишим түзүлсүн.
2. Тиешелүү документтерин тактоо жана уюштуруу маселелери айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |