Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02-майы №28
Акман айыл округунун аймагындагы мектептерде мектеп аяктаганга чейин мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо жөнүндө
Акман айылдык кеңештин төрагасы А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун аймагындагы мектептерде мектеп окуучуларынынкоопсуздугун сактоо максатында мектеп аяктаганга чейин акыркы коңгуроо, коштошуукечелерин жана ар түрдүү экскурсияларга чыгуу, кафе-ресторандарда, үйлөрдө отуруштардыөткөрүүгө тыюу салынсын жана мектептин директорлоруна, класс жетекчилерине эскертилсин.
2. Бардык мектептерде токтом талкууланып, протоколдору түшүнүк каттары менен айыл округуна тапшырылсын.
3. Бардык айылдардагы дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерди сатуу мыйзам чегинде жургузулсун жана саат 20°°дөн кийин спирттик ичимдиктер сатылбасын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл округуна милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө айыл кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүкгөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |