Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №29
Айыл округунун аймагындагы каада-салттардагы ашыкча чыгымдарды алдын алуу жөнүндө
Айыл округунун аймагындагы каада-салттардагы ашыкча чыгымдарды алдын алуу максатында социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада-салттардагы ашыкча чыгымдарды алдын алуу максатында болжолдуу сунуштар иштелип чыгылсын жана элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Түшүндүрүү иштери боюнча тийиштүү адамдардан /айылдын бийи, молдолор, айыл башчылары, айыл аксакалдары, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери/ ар бир айылдарда жумушчу топторду түзүп иш алып баруу Акман айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Айыл округунун башчысы жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгын 1 айлык мөөнөттө айылдык Кеңешке сунуштасын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |