Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №30
Айыл округунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноого даярдыктар жөнүндө
Айыл округунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноого даярдыктар боюнча Акман айыл округунун башчысынын орун басарынын маалыматын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноого даярдыктар канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Акман айыл округунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноого комбайндарды 2013-жылдын 1-июлуна чейин камсыз кылуу айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюуда техникалык жана орт коопсуздук чаралары боюнча тийиштүү мекеме уюмдар менен бирдикте иш алып баруу Акман айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |