Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №32
Акман айыл округундагы мигранттардын калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана потенциалдык мигранттардын социалдык-саясий укуктарын коргоо маселесин кароо жөнүндө
Акман айыл округунун аймагында мигранттардын жана потенциалдык мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык, саясий укуктарын коргоо боюнча "Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин сунуш маалыматын угуп, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округундагы мигранттардын жана потенциалдык мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык, саясий укуктарын коргоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү Акман айыл округунун өнүгүү стратегиялык планына киргизилип, бекитилсин.
2. Бул иш-чараны аткаруу жана көзөмөлдүккө алуу жагы Акман айыл өкмөтүнүнг башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |