Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №35
№51 О.Палванов орто мектебин бала бакчага айландыруу жөнүндө
Акман айыл округунун тургундарынан түшкөн 24.02.13-жылдагы КЛ-3 жана 27.02.2013-жылдагы КЛ-6 арыздарынын негизинде Акман айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын № 17 Токтомуна ылайык түзүлгөн убактылуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун тургундарынан түшкөн 24.02.13-жылдагы КЛ-3 жана27.02.2013-жылдагы КЛ-6 арыздарынын негизинде Акман айылдык кеңешинин кезексиз IIIсессиясынын № 17 Токтомуна ылайык түзүлгөн убактылуу комиссиянын билдирүүсү колгосалынып, көпчүлүк добуш менен колдоо тапкандыгы белгиленсин.
2. №51 Палванов атындагы орто мектебинин 1-4-класска чейин башталгыч класстары кошумча жаңы имаратта калтырылсын.
3. Бала бакчага айландыруу боюнча бардык юридикалык документтерин тактоо менен №51 О.Палванов атындагы орто мектебинин 5-11-класстарынын окуучуларына шарт түзүп берүү жана уюштуруу иштери айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4. №51 О.Палванов атындагы орто мектебинин 5-11-класстарынын окуучуларын билим берүүнүн стандартына ылайык жайгаштырууну камсыз кылуу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |