Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №38
Акман айыл округунун аймагындагы таза суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндө
Акман айыл округунун аймагындагы таза суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн акча каражатын бекитүү жонүндө айыл округунун башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун алдындагы Жараке, Кош-Коргон, Колот, Жаңы-Акман айылдарынын таза суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн кошумча 75000 сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |