Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №39
Акман айыл округунун бюджетинин 2013-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Акман айыл округунун Жараке айылындагы маданият үйүнүн жаштар борборунун ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл округунун адиси М.Абжапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун Жараке айылындагы маданият үйүнүн жаштар борборунремонттоо үчүн кошумча акча каражаты каралсын.
2. Ишке ашырылып жаткан долбоорго ПРООН тарабынан 287160 сом, элдик салым -46714сом, айыл өкмөтү тарабынан 30128 сом, жалпысынан 364002 сом акча каражатына сметатүзүлүп, айыл округунун бюджетинин 2013-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жаты финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевгежүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айылдык кеңешинин төрагасынын орунбасары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |