Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №41
Акман айыл округунун аймагындагы жогорку чыңалуудагы Датка көмөкчү чордонунун атын өзгөртүү жөнүндө
Акман айыл округунун аймагындагы жогорку чыңалуудагы Датка көмөкчү чордонунун атын өзгөртүү боюнча айылдык кеңештин депутаты Ш.Калыковдун жана айыл округунун башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун аймагындагы жогорку чыңалуудагы Датка көмөкчү чордону жогорку чыңалуудагы Акман көмөкчү чордону болуп өзгөртүлсүн.
2. Акман айыл округунун аймагындагы жогорку чыңалуудагы Датка көмөкчү чордонунун атын өзөртүү боюнча тиешелүү документтерди такташтыруу айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |