Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну №42
Акман айыл округунун муниципалдык жерлерин тактап, айыл аймагынын башкы планын түзүү жөнүндө
Акман айыл аймагынын муниципиалдык жерлерин тактап, айыл аймагынын башкы планын түзүү боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын муниципиалдык жерлерин тактап, айыл аймагынын башкы планы түзүлсүн.
2. Акман айыл аймагынын муниципиалдык жерлерин тактап, айыл аймагынын башкы планын 2013-жылдын декабрына чейин түзүү айыл округунун башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |