Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 06-августу №44
Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 22.07.2013-жылдагы №462-11/1-Зд-13 сандуу каршылык билдирүүсү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин 2-пунктунун талабы бузулгандыгына байланыштуу Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 19-июнундагы №35 сандуу "Палванов атындагы орто мектебин бала бакчага айландыруу жөнүндөгү" Токтом күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Токтом Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 28-беренесине ылайык мамлекеттик Реестрине киргизүү максатында Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартиби. коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |