Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 06-августу №45
Акман айыл аймагынын аймагында кыймылсыз мүлккө жана жерге салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин аракетке киргизүү жөнүндө" 17-октябрь, 2008-жылдагы №231 мыйзамынын 3-беренисинин 3-бөлүгүнө ылайык Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан төмөндөгү салыктар киргизилсин:
Кыймылсыз мүлккө;
Жер салыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык зоналдык коэфициенттин ставкасы Кз-1,0 болуп бекитилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 28-беренесине ылайык мамлекеттик Реестрге киргизүү максатында Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом массалаык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн күчүнө кирет.
5. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловгомилдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |