ТоктомКүчүндө

Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 06-августундагы №47 «Айылдык аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция06.08.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 06-августу №47

Айылдык аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык аймактагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

Жолдошов Т -айылдык кеңештин торагасынын орун басары, комиссиянын торагасы

Атакулов А -айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү

Ажиматов М -айылдык кеңештин торагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү

Сариев А -айылдык кеңештин торагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү

Таштанов К -айылдык кенештин торагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү

Мергенбаев А -айылдык кеңештин торагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү

Алдозов М -айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.

Акман айылдык кенешинин

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов