Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 06-августу №48
Акман айыл өкмөтүнүн структурасында калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча көп функциялуу борборду түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына, 2012-жылдын 23-мартында бекитилген "Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын концепциясына" ылайык жана калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана калк үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Айыл өкмөтүнө караштуу жана "Бир терезе" принциби менен иштөөчү калкка тейлоо кызматын көрсөтүүнүн коп функциялуу борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. "Калкка тейлоо кызматын көрсөтүүнүн көп функциялуу борбору жөнүндөгү Жобо"бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакулов тарабынан Борбордун иштеши үчүн жарактуу, өзүнчө, ылайыктуу жай бөлүнүп берилсин жана калкты кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тиешелүү иш чаралар өткөрүлсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен бир адам ыйгарым укуктуу кызматкер катары бекитилип, Борбордун толук иштешине жоопкерчилик ага жүктөлсүн жана аны менен материалдык жоопкерчилик келишими түзүлүп. ага кол коюлсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдукуюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |