Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры №48
Акман айыл аймагында участкалык милициянын 2013-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарган иш аракеттерин кароо жөнүндө
Акман айыл аймагында участкалык милициянын 2013-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарган иш аракеттери боюнча Салымбаев Эмил жана Таиров Алмаздардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында участкалык милициянын 2013-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарган иш аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кылмыштуулуктун жана коомдук тартиптин алдын алуу боюнча профилактикалык иш аракеттерди үзгүлтүксүз жүргүзүү белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |