Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры №50
Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин жергиликтүү калкты тейлөөдө жана колдонулган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо аткарып жаткан иш аракеттерин кароо жөнүндө
Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин Акман айыл аймагында жергиликтүү калкты тейлөөдө жана колдонулган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо аткарып жаткан иш аракеттери боюнча Базар-Коргон электр тармактар ишканасынын өкүлү А.Машраповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин Акман айыл аймагында жергиликтүү калкты тейлоодо жана колдонулган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо аткарып жаткан иш аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
Кышкы сезон убагында электр жарыгын камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү тартибинде жүргүзүү Базар-Коргон электр тармактар ишканасына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |