Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры №52
02.05.2013-жылдагы №25 токтомдун аткарылышын кароо жөнүндө
Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 2-майындагы №25 токтомдун аткарылышы жөнүндө комиссиянын торагасы Т.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 2-майындагы №25 токтом толугу менен аткарылбагандыгына байланыштуу, кароо 2013-жылдын 10-декабрына жылдырылсын.
2. Текшерүүнүн жыйынтыгында ашыкча аныкталган жерлер боюнча эсептерди жүргүзүү бюджет, каржы. муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия жүктөлсүн.
3. Фермердик дыйкан-фермер чарбалардын башчыларын комиссияга камсыз кылып берүү Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |