Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры №55
Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин "2013-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн өлчөмүнө жакынкы жайыттын арендасын көтөрүүгө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" буйругуна негиз жана Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 5-мартындагы "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндөгү" №15 токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын жана бюджет, каржы. муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү кошумча 21 900 (жыйырма бир миң тогуз жүз) сом акча каражаты менен бекитилсин.
2. Кошумча каражаттардын сметалык сарпталышын №1 тиркеме ылайык жүргүзүү Акман айыл өкмотүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Таштановго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |
| Акман айылдык кеңешинин "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө " 2013-жылдын 22-ноябрындагы №55 Токтомуна №1 Тиркеме
|
701 р
Статья 22156900 -21 900 сом Түрдүү чыгымдарга
Жыйынтыгы: -21 900 сом
Жалпы жыйынтыгы: -21 900 сом