Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры № 56
Акман айыл аймагында коомдук үрөн фондун түзүү жөнүндө
"Колот" коомдук үрөн фондунун жетекчиси А.Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Акман айыл аймагында коомдук үрөн фондун түзүү боюнча Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында "Колот" коомдук үрөн фонду түзүлсүн.
2. "Колот" коомдук үрөн фонду айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |