Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 05-июну №1/1
Көк-Ой айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө
Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеӊешинин 3 комитетине төрагаларды шайлап алуу боюнча Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Көк-Ой айыл аймагынын айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. Жер комитетинин төрагасы болуп А.Жапаров шайлансын.
2. Социалдык комитетинин төрайымы болуп Н.Абдиева шайлансын.
3. Бюджет жана экономика комитетинин төрагалыгына З.Моношов шайлансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну өзүмө калтырам.
5. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Өмүкеев |