Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну №2
27-февраль 2015-жылдагы Көк-Ой айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы 2-кезектүү сессиясынын № 6-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн туртку берүүчү грантка долбоор өткөрүүдө өздүк салым катары бөлүнгөн 300 000 сомду кайра бөлүштүрүүдө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат З.Моношовдун сунушун кароо.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата 2014-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 611539,56 сом жана атайын каражаттан калган 225806 сом акча каражаттарын сарптоодо бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат З.Моношовдун сунушун карап чыгып Көк-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата 2014-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 611539,56 сом жана атайын каражаттан калган 225806 сом акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
2. Турусбек уулу Султан атындагы орто мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор өткөрүүдө өздүк салым катары 152 900 сом бөлүнсүн.
3. Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебине инвентарь сатып алуу үчүн 80 000 сом бөлүнсүн.
4. Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебине ар кандай чыгымдарына 70 000 сом.
5. Б.Кожоналиева атындагы орто мектебине ар кандай чыгымдарына30 000 сом бөлүнсүн
6. Айыл окмотунун аппарат тармагына инвентарь сатып алуу ъчън 67 100 сом бөлүнсүн.
7. Көк-Ой айылдык клубуна 50 000 сом, Арал айылдык клубуна 30 039,56сом, жалпысы 80 039,56 сом маданият тармагына бөлүнсүн.
8. Кичи-Арал айылынан балдарды тартуучу унаага 50 000 сом каралсын.
9. Мадания тармагына: анын ичинен спорт оюндары үчүн 31 500 сом,Көк-Ой айылдык китепканасына 20 000 сом китеп алууга каралсын.
10 Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасы менен жер комиссиясын тартууга 30 000 сом бөлүнсън.
11.Атайын каражаттан калган 223231 сомду ПРООНдун долбоору үчүн чыгымдалсын.АУПтан калган 2575сом ар кандай чыгымдарга жумшалсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы М.Төлөгөновдон суралсын.
13. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Кыргызбаев |