Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу №1
ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү өнүктөрүү програмасынын алкагнда Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ишке ашырылган «Кыргыздын азыгы болгон курут даярдоо» ,«Жүн тытуу жана кийиз жасоо», «250 Квт трансформатор орнотуу», «Көк-Ой айылындагы суу түтүк системасын жана каптажды кеңейтүү» жана мини футбол аянтчасынын 2-траншы долбоорлорунун кредиттик эмес гранттык макулдашуулардын негизинде келген гранттарды РСК банкынын Чаек филиалынан алуу жөнүндө
ПРООНдун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өткөн жогорудагы 4 долбоорду жана кичи футбол аянтчасынын 2-траншынын акча каражатын гранттык макулдашуунун негизинде кредиттик эмес шартта РСК банкынан алуу максатындагы ФЭБ башчысы Б.Майчиеванын сунушун угуп жана талкуулап ,Көк-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айыл аймагынын ПРООНдун «Нарын облусун комплекстүү өнүктөрүү программасынын алкагында Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өткөн 4 долбоорду финансылоону гранттык макулдашуунун негизинде кредиттик эмес шартта РСК банкынан алуу уруксааты берилсин.
2. Долбоорлордун ээлерине долбоорду аягына чейин бүтүрүп,элге иштеп кете тургандай,максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
3. Долбоорлордун финансылык отчетторун убагы менен тъзъп,ПРООНго берүү жагы ФЭБ башчысы Б.Майчиевага милдеттендирилсин.
4. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Кыргызбаев |