Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу №1/1
Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ичүүчү таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жумгал райондук мамлекеттик админмсрациясынын 2015-жылдын июлундагы № 1168 катынын негизинде жыл сайын ичүүчү таза сууга болгон тарифти кеңеште бекитип ,токтомунун 1 көчүрмөсүн берүү жөнүндөгө тапшырма катына ылайык, Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шартында ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү маселесин карап жана талкуулап чыгып, Көк-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ичүүчү таза сууга болгон тарифи сырттагы суу түтүктөрүнөн ичкен түтүндөрдүн 1 адамга болгон таза суунун төлөмү 12.00 сомдон,ал эми үйүнө суу киргизген жарандар үчүн 1 адамга 24.00 сомдон деп бекитилсин.
2. ИСКАКБ «Көлмө Алтын Булак» жетекчиси Б.Закировго таза сууга болгон төлөмдөрдү убагы менен чогултуп,суу түтүктөрүнүн иштешине толук жооп бергендей жоопкерчилиги болсун.
3. Бул Токтом айыл өкмөтөнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Кыргызбаев |