Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 05-марты №26-12-7
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кабак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Таш-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б Имеров |