Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июну №26-14-4
Кабак айыл аймагындагы айыл өкмөтүндөгү Табылгыты жана Кызыл-Коргон айылдарын таза суу менен камсыз кылган «Табылгыты-Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2015-жылга карата тарифин бекитүү жөнүндө
Кабак айылдык Кенештин сессиясы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Табылгыты жана Кызыл-Коргон таза суу менен камсыз кылган «Табылгыты-Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2015-жылга карата тарифин бекитүү үчън Кабак айылдык кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Табылгыты жана Кызыл-Коргон айылдарындагы таза сууну колдонуу үчүн айына жан башына 13 (он үч) сом өлчөмүндө тарифи бекитилсин.
2. Таза суу пайдалануучулардан төлөмдөрдү чогултууну бекитилген келишимдин негизинде «Табылгыты-Нурлан» СООППВ нын төрагасы Н.Чылпаковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Таш-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |