КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVI чакырылыш XIV сессиясы
2015-жылдын 22-июну №26-14-5
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Табылгыты айылына «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна (Мегаком) жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна жана Кабак айыл аймагында уюлдук байланыштын операторлорунун базалык станциясынын жоктугуна байланыштын начарлыгын эске алып Кабак айылдык Кещешинин сессиясы Табылгыты айылына «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна (Мегаком) убактылуу пайдалануу ъчън жер аянтын бөлүп берүү максатында Кабак айылдык Кещештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын Табылгыты айылынан Секеналиев Жумабектин үйүнүн тъштък тарабынан 150 метр,Самсалиев Темиралынын үйүнүн чыгыш тарабынан 200 метр аралыктан 100 чарчы метр жер аянтын «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна (Мегаком) базалык станциясын орнотууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна (Мегаком) жерди пайдаланууда бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоону жана ошондой эле Кабак айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде аткарууну камсыз кылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Таш-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |