Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад  шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XХV сессиясы

 

2015-жылдын 03-сентябры №7

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү жаӊы курулуп бүткөн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү асма көпүрөнү жана муниципалдык менчиктеги имаратты оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесинин 6-пунктуна жана 16-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 25.06.2015-жылдагы №852 жана 20.07.2015-жылдагы №984-каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин көчөсүндөгү жаӊы курулуп бүткөн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү асма көпүрө коммуналдык чарба департаментине опертивдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.

2. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкта жайгашкан муниципалдык спорт клуб №3 Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык резерв мектебине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.

3. Коммуналдык чарба департаментинин жетекчисине (А.Нуркулов) жана №3 Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык резерв мектебинин директоруна (Ч.Пиримкулов) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдү сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жалал-Абад шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Нишанов