Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №6
Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Курманбек баатыр» атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин ижара акысы жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVI-сессиясынын 29.12.2010-жылдагы №5 токтому жокко чыгарылсын
2. Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Курманбек баатыр» атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин окуу жайы жайгашкан муниципалдык имаратына жана жер аянтына ижара акысыны 2015-жылдын 1-октябрынан тартып төлөө жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы (Б.Джусупбеков) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Жалал-Абад шаарынын жер категориясынын балуулугун эске алып, киреше түшүрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |