Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №8
Жалал-Абад шаарынын өнөр жай зонасында жайгашкан жер тилкесин жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздарды шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасынын Домостроительная көчөсүндө жайгашкан №185 кварталында орун алган жеке менчиктеги жалпы аянты 9,5 га жер тилкеси П-1 өндүрүш зонасынан Ж-1А жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жер тилкесинин иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |