Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №8
Жалал-Абад шаары менен Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарынын ортосунда достук мамилесин түзүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине шаардык мэриядан келип түшкөн №4-2/1202-катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары менен Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарынын ортосунда расмий достук мамилесин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Достук мамилесин түзүү боюнча иш чараны иштеп чыгуу жана уюштуруу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |