Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №10
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-2017-жылдарга карата мыйзам бузуучулуктардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын долбоорун жактыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешине шаардык мэриядан келип түшкөн №4-3/1155-катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде жана шаарга инвестиция тартуу максатында Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-2017-жылдарга карата мыйзам бузуучулуктардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын долбоору №-1тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын 2015-2017-жылдарга карата мыйзам бузуучулуктардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын долбоорун иш жүзүнө ашыруу жана көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |