Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №11
Ж.Бакиев көчөсүндөгү эски имараттын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматына имарат курууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 01.09.2015-жылдагы №1138 катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын мэринин маалыматын угуп, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев, 7 дарегинде жайгашкан эски муниципалдык имараттын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматына жаӊы имарат салууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жер аянтын бөлүп берүү жагы Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |