Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №13
Курманбек стадионунун түштүк-чыгыш тарабындагы орун алган эскилиги жеткен жеӊил атлетика манежин бузууга жана курулуш материалдарын аукцион аркылуу сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренсине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэринин баяндамасын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек стадионунун түштүк чыгыш тарабындагы эскилиги жеткен жеӊил атлетика манежин аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукцион аркылуу сатууга иш кагаздарын даярдоо жана аукционду өткөрүү муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |