Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №14
Жалал-Абад шаарында муниципалдык нан бышыруучу бышыруучу ишканасын ачууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.09.2015-жылдагы №4-3/1630 катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын мэринин маалыматын угуп, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында муниципалдык нан бышыруучу ишканасын ачууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишкананын Жобосун, штаттык ыраатамасын, чыгым сметаларын иштеп чыгуу жагы Жалал-Абад шаардык мэриясына (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |