Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-сентябры №15
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын протести жөнүндө
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын 28.07.2015-жылдагы чыг.№ 11/2-5-903-15-каршылык билдирүүсүнүн негизинде шаардык кеӊештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар менен иштешүү боюнча туруктуу комиссиясынын 03.08.2015-жылдагы отурумунда каралып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен шаардык кеӊешинин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги ХXIV-сессиясынын 29.06.2015-жылдагы №9 токтому жокко чыгарылсын
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Нишанов |