Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу №81
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин 5 чи чакырылышынын 2015-жылдын 10-августундагы кезексиз 25 чи сессиясынын 25-1 токтомуну турмушка ашыруу жөнүндө аймагындагы Ак-Сай бөлүмүндөгү айрым жер аянттыны которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 2015-жылдын 10-августундагы № 25-1 токтомун негизинде «Южно-Кыргызский-Цемент» жабык акционердик коомунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Сай бөлүмүнөн 4,5 га жер аянттын конвейердик линия куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексини эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүндө жайгашкан 4,5 га жер аянттына «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырысын.
Т.Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Мадимаров |