Редакцияот 10.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылыш XXV сессиясы

 

2015-жылдын 10-августу №25-2

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски бала бакчанын имаратын, азыркы убакта иштеп жаткан ФАПты көчүрүү же башка жакка жаныдан куруу, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачууга капиталдык ремонт жасоо үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски бала бакчанын имаратын, азыркы убакта иштеп жаткан ФАПты көчүрүү же жаныдан куруу, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачуу жөнүндөгү Баглан айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 25-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски бала бакчанын имаратын, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачууга макулдук берилсин.

2. Баглан айылындагы ФАПты Т.Кулатов атындагы көчөнүн түштүк тарабындагы, Баглан 2 жаны конушуна кетүүчү жолдун батыш тарабындагы бош турган жер аянтына контейенер орнотуп көчүрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Ажибаев