Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу №25-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жер аянтына врачтык амбулатория курууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер комиссиясынын жана Кожо-Арык жамаатынын жалпы чогулушунун протоколунда, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жер аянтына врачтык амбулаториясын өзгөртүү жөнүндөгү айылдык кенештин депутаты М.Авазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 25-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жерди мөөнөтсүн пайдаланууга берилип, 0,17 га жер аянтына врачтык амбулатория курууга макулдук берилсин.
2. Ноокат районуна караштуу «Медигос» борбордук үй-бүлөлөр дарыгерлер тобунан каттоо жагы суралсын.
3. Врачтык амбулаторияга тиешелүү юридикалык иш кагаздарын алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды тү жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча жана социалдык жана маданий, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт, туризм, жаштар жана миграция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Ажибаев |
| Протокол №2 Кожо-Арык айылы 2015-жыл Биз төмөндөгүлөр |
1.Ж.Паязов айыл башчы- чогулуштун төрагасы
2.А.Матанов жамаат башчы- катчысы
3.М.Авазов айыл кенешинин депутаты
4.А.Абдуллаев Жал айылдык оорукананын бөлүм башчысы жана айыл тургундары болуп чогулуш өткөрдүк.
Каралуучу маселе: Кожо-Арык айылындагы Бекиев участкасындагы бош турган жерге врачтык амбулатория куруу боюнча.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча сөздү Жал айылдык ооруканасынын бөлүм башчысы Абдуллаев Азим баштады.
Урматту бүгүнкү чогулуштун катышуучулары биздин Кожо-Арык калкынын саны өсүп баратканына байланыштуу элди медициналык жактан кароого медиктердин жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан айылга врачтык амбулатория куруу керек. «Абшыр-Ата» спорт комплексинин түштүк тарабындагы бош турган мечитке деген жерге амбулатория курсак кандай дейсиздер. Кийинки сөзгө чыккан М.Авазов кышкы күндөрү ФАПтын алыстык кылаарын, оорулар көбөйүп бизге врачтык амбулатория керектигин айтып өттү. А.Матанов врачтык амбулаторияны жаны заманбап кылып курууну сунуштады. Чогулуштун катышуучулары дагы бир катар колдошуп төмөнкүдөй чечимге келишти.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жалпы элдик чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган 0,17 га жер аянтына врачтык амбулатория курууга макулдук берилсин.
2. Ошол жерге врачтык амбулатория куруу жагы өкмөткө сунушталсын.
1. Ж.Паязов
2. А.Матанов
3. М.Авазов
4. А.Абдуллаев