Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №33
«Ак-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө
«Ак-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору К.Тыналиевдин 2015-жылдын 29-июнундагы кайрылуусун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын калкы үчүн МТЗ-82 экскаватор-тракторунун, жүктөөчү (погрузчик) бир саатка иштетиле турган жана 1куб. жерди казуунун тарифи (күйүүчү майы менен бирге) төмөнкүдөй бекитилсин:
Экскаватор МТЗ-82 | 1 саатына 688 сом | 1 м 3 100 сом |
Жүктөөчү (погрузчик) | 1 саатына 643 сом | - |
Кайра көмүү | - | 1 метр 20 сом |
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы “Ак-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын мүдүрү К.Тыналиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |